Жылнаама, 8-декабрь: Мындан 56 жыл мурун Кыргыз телевидениесинде алгачкы берүү обого чыккан
* Мындан 56 жыл мурун, 1958-жылы Бишкек телестудиясы ишке киргизилип, Кыргыз телевидениесинде алгачкы берүү обого чыккан. Аталган кесиптик майрам 1995-жылы 23-декабрда өкмөттүн №566-токтомуна ылайык бекитилген.
* Мындан 32 жыл мурун, 1982-жылы америкалык ырчы, рэпер Ники Минаж туулган. Толук аты-жөнү - Оника Таня Мараж. Алгачкы музыкалык альбому "Pink Friday" чыккандан кийин бир аптада эле ийгилик жарата алган. Анын 7 ыры бир учурда хит болгон. Ал Рианна, Мадонна, Кеша, Бритни Спирс, Жесси Жей, Дэвид Гетта, Ариана Гранде менен жакшы иштешкен жылдыздардын бири. Ырчы 2012-жылы "Американ Идол" шоу-программасы менен келишим түзүп, калыс болгон. 2013-жылы "Башка аял" аттуу тасмага тартылган.
кошулду
Автор: Айпери Ганыжан кызы
* Мындан 23 жыл мурун, 1991-жылы Беловежск токоюнда РСФСРдин президенти Борис Ельцин, Украинанын президенти Леонид Кравчук жана Беларусь Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Станислав Шушкевич СССРдин жоюлуп, анын ордуна КМШнын түзүлгөндүгү тууралуу келишимге кол коюшкан.

* Мындан 151 жыл мурун, 1863-жылы орус акыны А.С.Пушкиндин жубайы Наталья Гончарова каза тапкан.
8-декабрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.