super.kg logo

Жылнаама, 7-декабрь: Мындан 26 жыл мурун Армениядагы жер титирөөдөн 25 миңге чукул киши набыт болгон

 
* 7-декабрь - Эл аралык жарандык авиация күнү. БУУнун Жарандык авиация уюму бул күндү 1992-жылы жарыялап, 1994-жылдын 7-декабрынан тарта белгилене баштаган. Ал эми бул күндүн маанисин жогорулатуу максатында 1996-жылы БУУнун Генералдык ассамблеясы бекитип, бардык өкмөттөрдүн, улуттук, аймактык, эл аралык уюмдардын бул күндү белгилөөсү үчүн тиешелүү чаралар көрүлгөн. 
* Мындан 26 жыл мурун, 1988-жылы Арменияда чоң зилзала катталган. Спитак шаары толугу менен талкаланып, анда 25 миңге чукул киши набыт болгон.
* Мындан 12 жыл мурун, 2002-жылы Тажикстан, Өзбекстандан Чүй облусуна жер которгон этникалык кыргыздар Панфилов районунда жыйын өткөрүшкөн. Жыйында Чүй өрөөнүндө 9 миң чамалуу адам орун алгандыгы жана алардын Кыргызстандын жарандыгын ала албай жатканы тууралуу көйгөйлөр козголгон.
* Мындан 31 жыл мурун, 1983-жылы Мадриддин аэропортунда 2 учак кагышып, 93 киши каза тапкан.
7-декабрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: