Гүлшайыр Садыбакасовага концерт учурунда Абдылас Малдыбаев атындагы Эл аралык музыкалык сыйлык тапшырылды

Бүгүн, 5-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда легендарлуу “Кыз-Бурак” тобунун негиздөөчүсү Гүлшайыр Садыбакасованын 60 жылдык мааракесине арналган концерт болуп жатат. Куттуктап келгендердин катарында КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов да болду. Министр өз кезегинде: “Гүлшайыр эжеке, сиз мен төрөлө электе чыгармачылык менен алектене баштагансыз. Сиз менен замандаш болуу бизге сыймык”,- деди. Андан соң ал күндүн башкы каарманына Абдылас Малдыбаев атындагы Эл аралык музыкалык сыйлыкты тапшырды.
Гүлшайыр Садыбакасованын 60 жылдык юбилейи
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
3

Башка сайтты жарнама кылууга тыюу салынат! 3 күн банга!