super.kg logo

Гүлшайыр Садыбакасованын 60 жылдык мааракесинде жалаң гана анын обондору обого жаңырды

 
Бүгүн, 5-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Кыргыз Эл артисти, обончу, легендарлуу "Кыз-Бурак" тобунун негиздөөчүсү Гүлшайыр Садыбакасованын 60 жылдыгына арналган концерт болду. Алгач бул айымдын ишмердүүлүгү тууралуу чакан тасма көрсөтүлүп, актёрлор Г.Садыбакасованын дарегине мактоо сөздөрдү айтып өтүштү. Андан соң күндүн каарманы алып баруучулар Гүлшан Молдоева менен Кыргызбай Осмоновдун чакыруусу менен зал толо келген элдин колдоосу астында сахнага чыкты. Буга удаа ЖКнын депутаттары, өкмөттүн өкүлдөрү, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри, коомдук ишмер Султан Раев, Кыргызстан театр ишмерлери федерациясынын президенти Жаныш Кулмамбетов жана башкалар сөз сүйлөштү. Мындай расмий куттуктоолорду улай атайын концерттик программага орун берилип, алгач ырлар оркестрдин коштоосунда жаңырды. Концертте жалаң гана Г.Садыбакасова авторлук кылган ырлар көптөгөн ырчылардын аткаруусунда жаңырганын өзгөчөлүк катары караса болот. Зал учурдагы шоу-бизнес менен катар мындан 15-20 жыл мурунку сахна ээлеринен кабары бар эл менен толгону тынымсыз кол чабуулардан байкалды. Өзгөчө Гүлмайрам Момушеванын "Балама" аттуу чыгарманы жандуу ырдаганы элдин көңүлүн бир топ көтөрдү. Ошондой эле Сайкал Садыбакасованын апасын жетелеп алып, "Апама" аттуу чыгарманы аткарганы көпчүлүк тарабынан мыкты деңгээлде кабыл алынды.
Ал эми 60 жашка толуп жаткан Гүлшайыр айым куттуктоо сөздөрүн, гүлдөрдү жана конокторду кабыл алып гана чектелбей, маал-маалы менен өз өнөрүн көрсөтүп жатты. Урма аспапта кол ойнотуп, микрофон кармап ырдап, өзүнүн көп кырдуу талант экенин далилдеди. 
Алдын ала маалымдалгандай, ыр күйөрмандары бул концертте Бек Борбиевди, Саламат Садыкованы көрө алышкан жок.    





Гүлшайыр Садыбакасованын 60 жылдык юбилейи

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(76)
SUPER.KG видео
07.12.2014. 03:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атабеков эмне болур калган же озуно окшош адамды жонотуп жибергенби аял алгандан мери все Мека уже моя дегенби озун вообще карабай койду. Концертке келсек толук версиясын чыдамсыздык менен кутом жок дегенде 20минута кылбапсынарда.
SUPER.KG видео
07.12.2014. 08:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Сайкалдын ырдаганын коруп жатып козумо жаш алдым! Ушунчалык сонун ырдаптыр! Жылдын Супер ырчы айымы болууга татыктуу! Сурамжылоодо Анжелика биринчи болуп турганын коруп тан калдым. Албетте ал сулуу мыкты айым, бирок мыкты ырчы эмес. Эл нааразы эле болот го ал утуп кетсе.Супердин да денгеелине шек кетип калат го...калыстык болот деп ишене туралы!
SUPER.KG видео
07.12.2014. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сайкалга бериш керек супер ырчы айымды жана сизге деген клип дагы супер ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 08.12.2014 09:53
SUPER.KG видео
07.12.2014. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Сайкал чынында Супер ырчы айымга татыктуу!
SUPER.KG видео
07.12.2014. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Концерт орточо, эгер де Кенже Дуйшеева болгондо таптакыр башкача денгеелде отмок. кыз бурак Кенже Дуйшеева кеткенден сон кулаган.
SUPER.KG видео
07.12.2014. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
кеже эжен кыз буракты туптоду беле же 35 жылдан бери жетектеп келди беле кенже эжен топто жургондо ырдаса ырдагандыр ал эми кыз бурак аты айтып тургандай кыздардан турган топ болушу керек келиндер бурак болбой
SUPER.KG видео
07.12.2014. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
, Атабеков жудоп кетиптир Мээримди багам деп
SUPER.KG видео
08.12.2014. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Kenje kelip ele kuttuktap koiso bolmok da...eje aytkanday kiz burakta irdasa bir ayildin ele kapkara ayali bolmok dep eje aytkan
SUPER.KG видео
08.12.2014. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
benjamin.31,
Башка сайтты жарнама кылууга тыюу салынат! 3 күн банга!
SUPER.KG видео
08.12.2014. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
aijamal mn kenjenin kelbegeni 4ooon minus boluptur....a tak koncertke soz jok.
SUPER.KG видео
08.12.2014. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атабеков сонун ырдаптыр го, Ошум менен сыймыктанам эх..!!!
SUPER.KG видео
08.12.2014. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чынында Сайкал ырдап жатканда козумо жаш алып чын дилимден ыраазы болдум! Аябай сонун ыр экен! Мен дагы Сайкалга добуш бергем, себеби эн татыктуусу Сайкал деп ойлойм. Анжеликанын уй булоосун мактап тарткан клиби деле алдыга озунуп алыптыр го)))) Гулшайыр эже сиз менен Оштун эли сыймыктанат.Сиз Оштон чыккан экинчи Курманжан Даткасыз! Ар дайым бар болунуз!
SUPER.KG видео
08.12.2014. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Гулшайыр эже ар дайым ден соолукта болунуз, неберелериниздин тойлорун корунуз. Азаматсыз эжеке Мирбек айткандай чын эле "эркек" аялсыз, Сиз менен сыймыктанабыз! 60 жылдык юбилейиниз кут болсун, мммааахх!))
SUPER.KG видео
08.12.2014. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Концерт жакшы болуптур ийгилик сиздерге
SUPER.KG видео
09.12.2014. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайталангыс,-озгочо-керемет обондордун,ырлардын автору,тоодой бийик эмгектерди багындырган,темирдей бекем,ушул Гулшайыр эжекебизди Кыргыздын Чыгаан кызы десек болот.Деги койчу кандай гана сонун создорду айтса соз жеткис азамат аял заты экенсиз.Кээ бир ырларынызды билгенибиз менен,копчулук обондорунузду,сиздин калемге таандык экенин чындыгында билбечи экенбиз.Эже бул менин обонум деп жар салгандардан болбогон экен,"скромность украшает человека" деген ушул да. А тиги Кенже деген неме
SUPER.KG видео
09.12.2014. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
бул эженин тырмагына да тен эмес. Эжеге ийилип келип рахматын айтыш керек. Кенжени ушул денгээлге жеткирген Гулшайыр эже. Гулшайыр эже болбосо точно айылынан чыкпай капкара келин болмок! Гулшайыр эже коп жашаныз, ден соолугунуз чын болсун. Аллах сизден ыраазы болсун.Мынтип эмгектериниздин узуру кайтып, эл баалап, мамлекет баалап жатканына абдан кубанычтамын. Эженин ырлар жыйнагын кайдан тапса болот? Сатып алмакпыз. Урматыбыз менен Москвадан куйормандарыныз!
SUPER.KG видео
09.12.2014. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жакшы соонун болуптур
SUPER.KG видео
10.12.2014. 04:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мирбек карып кетиптир аябай,ото эле арык го.Гулшайыр айым Кенже,Айжамалдарды чакырса келеби?!Кызыксынар!!!Баласындай кыздарга тен-келип урушуп журот дайыма гезиттер аркылуу.Тиги экоо акылдуу экен тенелбей коюшту окшойт да.Кыз-Бурактагылардын былыгы,кылыгы,кызыгы ко-оооп деген имиштер да ото коп.Эмнеси болсо да юбилей кут болсун!
SUPER.KG видео
10.12.2014. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
биз да экинчи куну барып калыпбыз биринчи куну жакшы болгон окшойт депутаттар келип дегендей экинчи куну деле жакшы эле болду сайкалдын апасына ырдаганы гулшайыр эженин барабан черткени турк уйгур озбек учоо ырдаганы аягында мирбек атабеков ырдаганы ушулар мага озгочо жакты.
SUPER.KG видео
10.12.2014. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эжекебай аман болунуз!!Урма аспапта ойногонунуз озунчо эле керемет экен !!!
SUPER.KG видео
11.12.2014. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билип-билбей туруп коргондой,чогуу жашагандай суйлопсунор го чиркин! Мен жакында эле ошол топтон кеткен кыздардын биримин. Ошол жердеги ичи таардык,коро албастык,калп эле тартиби катуу делген сулуу чымчыктар коооп,мен ошол жерди башкарымыш болгон Чымчыктын айынан кеттим.Байкуш кенже эжени шыбаганы-шыбаган.Чын чынына келгенде эже бардагыдай тартип да,чыгармачылык да жокко эсе.Кенже эженин кен пейилдигинен бир топ кыздар оскон экен,мисалы азыр эч ким жок.Кенже эжеге чынында баа бердим.
SUPER.KG видео
11.12.2014. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошол жамандаган Айжамал,Кенжелердин фонограммалары менен бугунку кунго чейин жанын багып келе жатышат,анткени азыркы кыздарда уну да,тусу да жок.Кучтуулор келсе батырбайт,Кенже эже барында эле келбегениме окундум... Эгерде чындыкты билсенер ал жетекчинин 60 жылдык эмес,6 тыйындык авторитети калбайт.
SUPER.KG видео
11.12.2014. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мага аябай кулкулуу,анткени комментарийдин копчулугун баардык кыздардын козунчо эле апасы уйротуп,кызы жазып эле жатышчу.Сайкал эсине салдымбы???
SUPER.KG видео
11.12.2014. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мирбектен айланып эле кеткилечи,ичи таарлар.Ал талант!!!
SUPER.KG видео
11.12.2014. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ииииии-иий куйдуросунор да куйдуросунооооор... башка бироонун ырларын озунуку кылып алганын билсенеееер... аны оштук обончулар жакшы билишет.
SUPER.KG видео
11.12.2014. 02:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сайкал апана арнаган ырдын созун Кенже апам жазган деп айтып журуп,эми озундуку кылып алдынбы? Уят эле хи-хи
SUPER.KG видео
12.12.2014. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
wumwuk93сен ошолордун бири окшойсун, 50 кызды тарбиялаган, кыздардын ичинен чыкса чыкандыр мыктылары бирок ошолорду топко алып жана топ тузгон гулшайыр айым болот жана канчалаган ырлардын автору ал кыздар эжеге окшоп 50 кызды, ошончо жыл эмгектенишсин ошондо коробуз, эжеге окшоп ырларды жазышсын садагам оштой жеримден деп ха ха
SUPER.KG видео
12.12.2014. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ХХХ ХХХ ойлонуп ой жугуртуп жазыпсын эконун айырмасы асман менен жердей
Модератор admin_media түзөттү 12.12.2014 11:00
SUPER.KG видео
09.02.2015. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гульшайыр эже сизди 60 жылдык юбилейиниз менен куттуктайбыз!
SUPER.KG видео
09.02.2015. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гульшайыр эже сизди 60 жылдык торколуу тоюнуз менен чын журоктон куттуктайбыз! Ден соолукта болуп, коп жашаныз! Сиз менен сыймыктанабыз! Ар дайым жузунуздон жылмайуу кетпей Кыргыз элинин суймончулугуно ээ болуп журо беришинизге тилектешпиз деп Москвадан Исабековдордун уйбулоосу!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: