super.kg logo

Гүлшайыр Садыбакасованын 60 жылдык мааракесинде жалаң гана анын обондору обого жаңырды

 
Бүгүн, 5-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Кыргыз Эл артисти, обончу, легендарлуу "Кыз-Бурак" тобунун негиздөөчүсү Гүлшайыр Садыбакасованын 60 жылдыгына арналган концерт болду. Алгач бул айымдын ишмердүүлүгү тууралуу чакан тасма көрсөтүлүп, актёрлор Г.Садыбакасованын дарегине мактоо сөздөрдү айтып өтүштү. Андан соң күндүн каарманы алып баруучулар Гүлшан Молдоева менен Кыргызбай Осмоновдун чакыруусу менен зал толо келген элдин колдоосу астында сахнага чыкты. Буга удаа ЖКнын депутаттары, өкмөттүн өкүлдөрү, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри, коомдук ишмер Султан Раев, Кыргызстан театр ишмерлери федерациясынын президенти Жаныш Кулмамбетов жана башкалар сөз сүйлөштү. Мындай расмий куттуктоолорду улай атайын концерттик программага орун берилип, алгач ырлар оркестрдин коштоосунда жаңырды. Концертте жалаң гана Г.Садыбакасова авторлук кылган ырлар көптөгөн ырчылардын аткаруусунда жаңырганын өзгөчөлүк катары караса болот. Зал учурдагы шоу-бизнес менен катар мындан 15-20 жыл мурунку сахна ээлеринен кабары бар эл менен толгону тынымсыз кол чабуулардан байкалды. Өзгөчө Гүлмайрам Момушеванын "Балама" аттуу чыгарманы жандуу ырдаганы элдин көңүлүн бир топ көтөрдү. Ошондой эле Сайкал Садыбакасованын апасын жетелеп алып, "Апама" аттуу чыгарманы аткарганы көпчүлүк тарабынан мыкты деңгээлде кабыл алынды.
Ал эми 60 жашка толуп жаткан Гүлшайыр айым куттуктоо сөздөрүн, гүлдөрдү жана конокторду кабыл алып гана чектелбей, маал-маалы менен өз өнөрүн көрсөтүп жатты. Урма аспапта кол ойнотуп, микрофон кармап ырдап, өзүнүн көп кырдуу талант экенин далилдеди. 
Алдын ала маалымдалгандай, ыр күйөрмандары бул концертте Бек Борбиевди, Саламат Садыкованы көрө алышкан жок.    





Гүлшайыр Садыбакасованын 60 жылдык юбилейи

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(76)
05.12.2014. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз гүлшайыр эже сизге сагыда чоң-чоң ийгилик
06.12.2014. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо видеосу жок беле?
06.12.2014. 02:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zhozho,
Саламатсызбы! Бир нече мүнөттөрдөн кийин "Медиа-портал" бөлүмүнөн көрө аласыздар.
06.12.2014. 02:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз
SUPER.KG видео
06.12.2014. 03:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Konzert jakshy dengeelde otuptur emgeginizge taazim ! Men Mirbek Atabekovdun kozu oorup jurobu dep oilop koidum,je maga ele oshondoi korundubu? Den sooluk kerek kozu kyishyigansyp baratyptyr,mumkun men tuura emes baikasam kechirim suraim.
SUPER.KG видео
06.12.2014. 03:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Гулшаир эже дагы коп жашаныз, коп чыгармаларды жазыныз.ийгилик сизге
SUPER.KG видео
06.12.2014. 04:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Сактасын суук коздордон садагам ОШТОЙ жеримди,Гулшайыр эже коп жашаныз,дайыма бар болунуз!!!
06.12.2014. 07:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы отсо жакшы экен. Ийгилик!
SUPER.KG видео
06.12.2014. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мына сага концерт деп ушуну айт!!!
Таза кыргыз жыттанган ырлар, кыргыздын оймо чийме кийимдери, кыргыздын музыкалык аспаптары...эхх кулакка кандай гана жагымдуу...
Барбагандар арманда гана калыптырбыз
Азыркы Кыз-Бурак Текебаев айткандай болсо гана...
SUPER.KG видео
06.12.2014. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Супер Инфо толук версиясын качан коро алабыз
SUPER.KG видео
06.12.2014. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Гулшайыр эженин концертти соонун отуптур. Гулшайыр эже кечээ куну сахналаштары менен бир кафеден чыгышып атышыптыр, бири-бириниздер менен коштошуп буто албай жолдун баарын ээлеп алыпсыздар, сиздерди коруп аябай суктандым.
.
SUPER.KG видео
06.12.2014. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мына сага концерт деп ушун айт оло сонун болуптур мага жаккты Айжамал менен Кенже корунбойт гооо
SUPER.KG видео
06.12.2014. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Казакстан мн Узбекстандан ырчылары жок го дейм..
SUPER.KG видео
06.12.2014. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
концерт жакшы болуптур эжекебиз дагы алтымыш жыл жашасын чын эле айтылган ырчылардын кобу корунбойтко
SUPER.KG видео
06.12.2014. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Кенже менен Айжамалга наалат.
SUPER.KG видео
06.12.2014. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
сонун концерт болуптур,кыргызстанда болбой калганга окунуп калдым.дагы биздин коромандарга айтып буто албайсын концертке киргенче дагы шашаып киришет,бутпой жатып койгон кишиден мурда шашып чыкканга туруп жоношот.сыйлап куто турушса беш минут кеч чыгышат го.ийгилик Гулшайыр эжеке,эркектей мунозунуз менен де-соолукта болунуз.
06.12.2014. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Юбилейиниз кут болсун. Ар дайым ийгиликтер коштоп журсун
SUPER.KG видео
06.12.2014. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Sonuun konzert boluptur! Azamat Gulshaiyr eje!
SUPER.KG видео
06.12.2014. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kyrgyzdardyn konzert buto elekte ele urkkon koidoi ele turup kete bashtashyn japaiychylyk dep ele aitam! Ushul jagynan oilonsok kichine elim! Artistterdin emgegin syilabastygybys ele bul! Ujat! Kachan kaisyl konezert bolbosun akyrky yr bashtalganda ele japyrt turup ketip kalasynar!
SUPER.KG видео
06.12.2014. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандын Алла Пугачевасы.
SUPER.KG видео
06.12.2014. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Гулшайыр эжеке 60 жылдык юбилейинер кут болсун! Соонун концерт болуптур.
SUPER.KG видео
06.12.2014. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сонун концерт болуптур. Атабеков озуно чон батинка кийип алганбы ай.
SUPER.KG видео
06.12.2014. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Gulmayram Omuweva ejenin unu ayabay jakwy eken, murda ukpaptyrymyn superde Ejenin atkaruusundagy yrlar barby
SUPER.KG видео
06.12.2014. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсыз эже
SUPER.KG видео
07.12.2014. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун концерт болуптур.60жылдык мааракениз кут бллсун.Атабековко эмне болгон.
SUPER.KG видео
07.12.2014. 03:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алтымыш жаш курагыныз кут болсун,омурунуз узун болсун!Ар дайым бар болунуз,эл менен бирге болуп журо бериниз!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: