Кыргызстанда унаа газына болгон баа 50 тыйынга арзандады
1-февралдан баштап Кыргызстанда унаа газына болгон баа 50 тыйынга арзандады. Орусиялык «Газпром нефть Азия» компаниясы билдиргендей, учурда унаа газынын 1 литри 21 сомдон сатылууда. Маалыматка ылайык, 2012-жылдын 8-декабрынан баштап аталган компания тарабынан күйүүчү-майлоочу майларга болгон баа арзандатылган. Ага ылайык, супер евро - 98 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 50 тыйынга, премиум евро - 95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 80 тыйынга, регуляр - 92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 1 сомго, Аи - 80 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 20 тыйынга арзандатылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.