Жалал-Абад облусунда спортзалды курууда мамлекетке 16 миллион сом зыян келтирилгени аныкталды
Жалал-Абад облусунда спортзалды курууда мамлекетке 16 миллион сом зыян келтирилгени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кара-Көл шаарындагы мектептердин бирине спортзал салууда жана ичүүгө жарактуу суу менен камсыздоодо “Эл эмгек-Гидрокурулуш”, “Имара-Каган”, “ЗСМ” ишканаларынын кызмат адамдары мыйзамсыз иш-аракеттер аркылуу мамлекеттин 16 миллион сом акча каражатын ээлеп алышкан. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.