“Тумар” бий тобу Түркияда өтүүчү сынактын жарым финалына даярданууда










Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаштардан түзүлгөн “Тумар” бий тобу Түркияда өтүүчү таланттардын сынагынын жарым финалына даярдык көрүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган топтун мүчөсү Тимур Сыдыков билдирди.
Анын айтымында, топ "Брейк-данс" багытында бийлеп, ноябрь айында алгачкы турдан жарым финалга жолдомо алган. “Жарым финалдын качан өтөрүнөн так маалыматыбыз жок. Уюштуруучулар убада кылгандай, декабрь айынын аягында болушу керек. Негизи, топто 5 бала бийлейбиз. Учурда катуу даярдык көрүп жатабыз”,- деди Т.Сыдыков.
Кошумчалай кетсек, бул топ ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардан түзүлүп, 5 жылдан бери иштеп келет. Топ бийчи Атай Өмүрзаковдун демилгеси менен “Тумар” деген аталышты алган. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
kama_future_millioner

10.12.2014. 04:25
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик жигиттер
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.