super.kg logo

Бишкекте Кыргыз Эл артисти Уран Сарбагышевдин эстелигин тургузуу үчүн кайрымдуулук марафону болуп өттү

 

Бишкекте бүгүн, 9-декабрда А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Кыргыз Эл артисти, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, профессор Уран Сарбагышевдин эстелигин тургузуу үчүн кайрымдуулук марафону болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти. 

Маалым болгондой, иш-чара Уран Сарбагышев өмүр бою эмгектенген А.Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театры тарабынан демилгеленип, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан колдоого алынган. Марафон опера-балет театрынын артисттери тарабынан даярдалган концерт менен коштолду. Ага катышкан КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов 20 миң, А.Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрынын директору Тимур Саламатов 10 миң сом салым кошушту. Ошондой элеЧ.Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын, “Учур” жаштар театрынын, Б.Кыдыкеева атындагы Жаштар театры, Кыргыз мамлекеттик куурчак театры, Кыргыз мамлекеттик драма театры, Көркөм сүрөт музейи, П.Шубин атындагы борбордук музыкалык мектептин өкүлдөрү да каражат кошушту.

“Атактуу бийчи жана балетмейстер Уран Сарбагышев “аалам адамы” деген бийик атка татыктуу инсан. Бүбүсара Бейшеналиева, Нурдин Түгөлов, Эркин Мадемилов, Сайнат Жакобаева менен бий дүйнөсүнүн ачуусун да, таттуусун да татып, классикалык хореографиянын туу чокусуна жетишкен. Өзгөчө Бүбүсара Бейшеналиева менен Уран Сарбагышев экөөнүн дуэти балет өнөрүн дагы бир тепкичке жогорулатып, күйөрмандарга зор ырахат тартуулаган. Бүгүнкү балет труппасынын негизделип, калыптанышында Уран Сарбагышевдин орду абдан чоң. 40 жылдан ашуун өмүрүн сарптап, жашоосун кыргыз театрына арнаган корифейдин эмгеги татыктуу баасын алып, өнөрү кылымдарды аралап, кийинки урпакка да өрнөк болушу абзел деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: