super.kg logo

Бишкекте "Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” кинофестивалы өтөт

 

Бишкек шаарында 4-жолу “Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” Эл аралык кинофестивалы өтөт. Фестивалдын алкагында 14 мамлекеттин тасмасы көрсөтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда SUPER.KG порталына фестивалдын директору Фархад Бекмамбетов билдирди.

Кинофестивалдын алкагында 2 сынактык программа уюштурулмакчы. Биринчиси - эл аралык сынак, анда 14 кыска метраждуу тасма, ал эми экинчиси - улуттук сынак, анын алкагында ата мекендик 10 тасма көрсөтүлөт. Фестивалга катышуучу бардык тасмалардын узактыгы 30 мүнөткө чейинкилер. Жалпы байге фонду 500 миң сомду түзүүдө. Фестивалдын калыстар тобунун төрагасы белгилүү кинорежиссёр Ходжакули Нарлиев болмокчу”,- дейт Фархад Бекмамбетов.

Белгилүү болгондой, фестиваль 12-15-декабрь күндөрү өтөт. Анын алкагында кыска метраждуу тасмаларды жана продюсерликти өнүктүрүү максатында 1 күндүк мастер-класс уюштурулат. Ошондой эле Орусия, Украина, Беларусь, Молдова, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Азербайжан жана башка мамлекеттердин кыска метраждуу тасмалары жана эл аралык Локарно жана Венеция кинофестивалдарында эң мыкты деп табылган тасмалар да тартууланмакчы.

Иш-чара “Айтыш” коомдук фонду, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана Кыргызстан кинематографисттер союзунун колдоосу менен өтөт.  

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: