Ольга Лаврова мындан ары бизнес-класс менен учпай турганын депутаттарга убадалады
Жогорку Кеңештин 11-декабрдагы жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев каржы министри Ольга Лавровага "Акыркы кездерде этикалык жактан аша чаап кетип жатасыз. Же сиздин артыңызда таянар кишиңиз барбы?" деди. Депутат министрди олуттуу болууга жана бизнес-класс менен иш сапарларга чыгууну токтотууга чакырды. “Мен сизден бизнес-класс менен учпаганым менен айырмаланам. Депутаттардай болуп эконом-класс менен эле учуңуз”,- деди депутат.
Лаврова сынды туура кабыл аларын, мындан ары эконом-класс менен учарын билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:38
2025-07-23
11:48
2025-07-23

Рейтинг:
0

