Бишкекте чыгаан манасчыларды эскерүү иш-чарасы өтүүдө




















Борбор калаада чыгаан манасчы Чоюке Өмүр уулунун 150 жылдыгына, Кааба Атабек уулунун 90 жылдыгына жана Уркаш Мамбеталиевдин 80 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара өтүүдө. Иш-чарага Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, коомдук ишмерлер, манасчылардын балдары, туугандары жана шаардын тургундары катышууда.
Автор: Мальвина Уметбекова
Фото: Мальвина Уметбекова
"Менин атам Каабаны бүгүн эскерип жаткандарына абдан ыраазымын. Атам жөнүндө айтсам, ал кичинекей кезинде дудук болуптур. Кийин ал түшүнөн чочуп, уктап жатып "Манас" айта баштаган экен. Ал манасчылар менен бирге жүрүп, натыйжада Кыргызстандын маданиятына, тарыхына өчпөс изин калтырды десем да жарашчудай",- дейт Каабанын уулу Рустам Атабеков.
Иш-чаранын жүрүшүндө атайын даярдалган концерттик программа тартууланып, ага сахна жылдыздары, манасчылар, опера ырчылары жана төкмө акындар катышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.