super.kg logo

Эртең өлкөнүн бир катар аймактарында Улуттук адабият күнү белгиленет

 

Эртең, 12-декабрда Улуттук адабият күнү Бишкек шаарында, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарында белгиленет. Иш-чара USAID уюмунун “Бирге окуйбуз” долбоорунун алкагында уюштурулууда. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда АКШнын КРдагы элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, иш-чаранын алкагында аталган аймактардагы башталгыч класстарда ачык сабактар, көркөм окуу жана сүрөт сынактары уюштурулат. Ошондой эле мектептерде китеп жарманкелери жана адабий кечелер өткөрүлөт.

Уюштуруучулар белгилегендей, бул иш-чара Улуттук адабият күнүн белгилөө менен залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын даңазалап, окуучуларды анын албан эмгектери менен тааныштыруу, коомчулуктун китеп окууга кызыгууларын арттыруу максатын көздөйт.

Ал эми баш калаадагы соода борборлорунда “Айтматов жана окуу” деген аталышта акция өтөт. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: