Спорт Ордосунда "Тамашоу" Лигасынын 7-сезонунун чейрек финалы өтүп жатат



Бүгүн, 13-декабрда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда “Тамашоу” Лигасынын 7-сезонунун чейрек финалы болуп жатат. Бул күнү жарым финалдык жолдомону "Элестет", "Айым", "IUK", "Олимпик", "Арабаев", "National", "Позитифф", "Бруклин", "Ассорти", "Кыялкеч", "НКБ", "Жалал-Абад", "ОШолор" өз ара талашышат. Чейрек финалдык таймашты, салтка айланып калгандай, долбоордун негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев ачып берип, командаларга ийгилик каалады. Таланттуу жаштардын өнөрлөрүнө көз салып отурган калыстардын тобуна ырчылар Максат Бегалиев, Урмат Усенов, Омар, "Супер-Инфо" гезитинин башкы редактору Дамира Арстанова, стилист Замира Молдошева, КВНчи Улан Барпиев, "Тамашоунун" 2-сезонунун чемпиону болгон "Саяктар" командасынын оюнчусу Талант Калдыбаев кирген. Жалпысынан бул кечте 13 команданын 10у жарым финалга чыкмакчы.
Автор: Максат Кудайбердиев
Фото: Максат Кудайбердиев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
KIPCHAK-KALMAK

13.12.2014. 22:14
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
7-сезон башталгандан бери видеосун коро албайбыз жуктоп койгулачы урматтуу S.I?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.