super.kg logo

“Тамашоу” Лигасынын 7-сезонунун чейрек финалынын экинчи күнүндөгү мыкты тамашалар

 

“Тамашоу” Лигасынын 7-сезонунун чейрек финалынын экинчи күнүндө 10 команда жарым финалга жолдомо алуу үчүн "Биатлон" жана "Фристайл" сынагында күч сынашты. Эки оюндун жыйынтыгында 1-орунду “Универсал” алса, 2-орунду “Рота” жана "Кыргыз двор" командалары бөлүшүп алышты. Төмөндө элди күлкүгө бөлөгөн тамашаларга токтоло кетсек.

“Универсал” командасы, “Фристайл” сынагында:

“Кыргызстандын экономикасы Эрмек Нурбаевге окшош. Анткени Эрмек байкедей бир жерде тура берет”.

Ошондой эле тандырчылардын таймашы, Аяз атанын калыстар тобуна берген белектери да көрүүчүлөрдү күлкүгө бөлөдү.

“Евраш” командасы, “Фристайл” сынагында:

Өзгөчө элге жылкынын койго 2015-жылды тапшырып жатканы жакты. Кой жылына бара жаткан мас адамдын “депутаттар Токтогулдагы сууну ичпесе, мен да арак ичпейм” деп сөз бергени да элге күлкү тартуулады.

“Рота” командасынын “Фристайлды” согуш менен баштаганы жана аскерде балет ийриминин ачылышы элдин эсинде калды.

“Кыргыз двор” командасы, “Фристайл” сынагында:

Индиядан келген адам: - Йога адамдын ичин тазалайт. 

Кыргыз адам: - Бизде марганцовка эле ичти тазалайт.

Бюджет менен чиновниктин таанышуусу. 

Чиновник бюджетке: - Мага турмушка чыкчы?..

Бюджет: - Мени эки жолу ала качышкан. 

Чиновник: - Каякка ала качышты эле?

Бюджет: - Орусияга жана Беларуска. 

Чиновник: - Неге отурган жоксуң?

Бюджет: - Биринчи алар отурсун, анан мен отурам.

Кыска форматта оюн көргөзгөн “Медлайн” командасы:

Чет өлкөдөгү “гонщиктер”: “Вууу, вууу...”.

Кыргызстандагы “гонщиктер”: “ГЭС курабыз, завод курабыз”.

Айта кетсек, “Тамашоу” Лигасынын 7-сезонунун чейрек финалынын экинчи күнүндө "Кыргыз двор", "Бишкек", "Универсал", "Евраш", "Тамашарики", "Рота", "Багыт", "БГУ", "Ацтек", “3 кошкон” командалары оюн көргөзүштү. Таланттуу жаштардын өнөрлөрүнө ырчылар Максат Бегалиев, Урмат Усенов, "Супер-Инфо" гезитинин башкы редактору Дамира Арстанова, КВНчилер Улан Барпиев, Данияр Абатов, Улан Жумабаев жана "Тамашоунун" 2-сезонунун чемпиону болгон "Саяктар" командасынын оюнчусу Талант Калдыбаевдер баа беришти.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.12.2014. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хе хе хе Универсал Но неймдин шакирттери молодцы ребята.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: