"Кримчөйрөдө Кипиш каймана атка ээ Урмат Садабаевди атып өлтүргөн" деп шектелген жаран кармалды
“Адам өлтүрүү” беренеси боюнча айыпталып, 2013-жылдын март айынан бери эл аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды. Ал өлкөдөгү уюшкан кылмыштуу топтордун биринин активдүү мүчөсү болгон. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 15-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, 2013-жылдын 18-январында Кара-Балта шаарында Кипиш каймана атка ээ 29 жаштагы "кримтөбөл" Урмат Садабаевдин жансыз денеси табылган. Ал бетине тийген эки октон улам каза тапкан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, 1984-жылы туулган А.К. кылмышка шектелген. Учурда ал Бишкек шаарында кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.