super.kg logo

Бишкекте “унаанын мамлекеттик номурун жана дөңгөлөктөрүн уурдаган” деген шек менен 2 жаран кармалды

 

Бишкек шаарында “унаалардын мамлекеттик номурларын жана дөңгөлөктөрүн уурдап жүргөн” деп шектелген 2 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Д.Нурзида аттуу шаардын тургуну кайрылган. Анда ал 29-ноябрдан 30-ноябрга караган түнү көп кабаттуу үйдүн алдында токтотулган Субару Аутбек үлгүсүндөгү унаасынын 4 дөңгөлөгүн белгисиз жарандар чечип кеткенин айткан. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 26 миң сомду түзгөн. Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары Кызыл-Туу айылынын 20 жаштагы К.Мовлад аттуу жараны кармалды. 

Андан сырткары милицияга 22 жаштагы Ж.Нурсултан аттуу жаран кайрылган. Ал саат 22:00 чамасында Лексус үлгүсүндөгү унаасынын мамлекеттик номурун чечип кеткенин айткан. Бул кылмышка шектүү катары 48 жаштагы Г.Валерий аттуу жаран кармалды. Бул эки иш боюнча учурда тергөө амалдары жүрүп, бул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар же жок экендиги аныкталууда. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: