Өзгөн районунда үзүлгөн электр чубалгылары калыбына келтирилди
Өзгөн районунда үзүлгөн электр чубалгылары калыбына келтирилди. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Өзгөн районунун Ийри-Суу айыл аймагында 24-25-ноябрда 1-1,2 метрге чейин жааган кардын кесепетинен Ор-Казган айылына баруучу ички чарбалык жол каттамы жабылып, электр чубалгылары үзүлгөн. 13-декабрда электр чубалгылары калыбына келтирилип, электр энергиясы берилди. Ал эми карды тазалоо иштерин жеке менчик бульдозер жүргүзүп, 14-декабрда унаа жолу толук ачылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:29
2025-07-09
22:08
2025-07-08

21:43
2025-07-08
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.