super.kg logo

Эбола вирусун жуктургандар 18 миңден ашып, андан каза тапкандардын саны 6841ди түздү

 

Дүйнө боюнча Эбола вирусун жуктуруп алгандардын саны 18,5 миңге жетти. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда чет элдик маалымат каражаттары Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна шилтеме берүү менен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Эбола вирусун 18 464 адам жуктуруп, анын ичинен каза тапкандардын саны 6841 адамды түзүүдө. Учурда Либерияда абал курч бойдон калууда, ал жакта Эбола вирусун 7797 адам жуктуруп, анын ичинен 3290 адам көз жумган. Сьерра-Леонеде аталган вирусту 8273 адам жуктуруп, 2033 адам каза тапты. Ал эми Гвинеяда 2394 адам Эбола жуктуруп, анын ичинен 1518 адам каза болду.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперттери белгилегендей, эпидемиянын очогу болгон өлкөлөрдө Эболадан каза тапкандарды көмүүдө жана дарылоодо бардык санитардык шарттар сакталууда. А бирок айрым аймактарда ал мүмкүнчүлүктөр жетишерлик деңгээлде эмес.

Эске салсак, октябрь айында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү Мария Пауле Кайни Эболадан жаңы вакцина жасаларын айткан. Ал өз сөзүндө: “Эки вакцина коркунучтуу илдет чыккан Батыш Африкада январда сыналат. Калган үч вакцина оору катталган аймактан тыш жактарда 2015-жылдын башынан тарта сыналат”,- деп билдирген. Аталган вирустун айынан каза тапкандардын басымдуу бөлүгү Гвинея, Либерия жана Сьерра-Леоне аймактарында катталууда.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
16.12.2014. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Опасно экен, кудай сактасын бизге келбесин.
16.12.2014. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо Аллах озун сакта,бул оорунун симптому кандай бду экен,вакцинаны сынаганча бул ооруну жуктургандардын саны кобойуп жатпайбы.
17.12.2014. 02:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bizge kelbesin
17.12.2014. 04:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул да бир дуйнолук башкарманын кылган иши болуш керек ... Алар учун эмне вирус таратып коюш оной эледа
17.12.2014. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jalliwood_uluk,

Туура. Менде да ошондой ой журот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: