super.kg logo

Бишкекте Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчынын этикасы жөнүндө кодекстин долбоору жактырылды

 

Кечээ, 16-декабрда Бишкекте өткөн жыйындын жүрүшүндө Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчынын этикасы жөнүндө кодекстин долбоору жактырылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда Мамлекеттик кадр кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Жогорку Кеңеш, өкмөт, президент аппаратынын өкүлдөрү, мамлекеттик түзүмдөрдүн статс-катчылары жана эл аралык уюмдардын адистери катышкан. Мамкадр кызматынын статс-катчысы Б.Сагынбаевдин айтымында, буга чейин аталган кодекстин долбоору үч тегерек столдо талкууланган. "Мындай документти иштеп чыгуу жана кабыл алуу мамлекеттик башкаруу тармагында жүрүп жаткан реформалардын алкагында абдан маанилүү",- деди ал.

Талкуунун жүрүшүндө бул документтин долбоору жактырылган. Жакынкы арада ал президент аппаратына жөнөтүлмөкчү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: