super.kg logo

Өткөн суткада өлкө аймагында 11 өрт кырсыгы катталып, Кара-Суу районунда 2 кабаттуу турак үйдөн өрт чыкты

 

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы суткада өлкө аймагында 11 өрт кырсыгы болуп, аларды өчүрүүгө 14 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын 17-декабрда берген маалыматына ылайык, Чүй облусунда 2, Нарын облусунда 3, Баткен облусунда 1, Ош облусунда 3, Ош шаарында 1, Жалал-Абад облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы үйлөрдүн биринен өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен 2 кабаттуу турак үйдүн 1-кабатынын 28 чарчы метр жыгач капталган шыбы, 2-кабатта 50 даана жууркан-төшөк, 2 жыгач эмерек, 2 жумшак эмерек, 10 килем күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуусуна жылытуучу меш менен мордун  туура эмес түзүлүшү себеп болгон. Ошондой эле Ноокат районундагы үйлөрдүн биринен өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен аянты 84 чарчы метр жыгач устундуу, шифер жабылган малкананын чатыры, 150 түк саман, 250 түк чөп, 100 боо жүгөрү бакалы, 1 тонна эндей чөп күйгөн. Өрттүн келип чыгуусуна үй ээсинин 3 жаштагы уулунун от менен ойногону себеп болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: