super.kg logo

Бишкекте япон фестивалында "Каркыранын канаттары" операсы коюлат

 

20-декабрда Бишкектеги Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Япониянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосунда япон фестивалы өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган театрдан билдиришти. Маалым болгондой, фестивалда япон композитору Икума Дананын “Каркыранын канаттары” аттуу операсы коюлат. Анда башкы ролдорду япон операсынын жылдыздары Акико Хаякава, Ресукэ Ноцу жана кыргыздын опера ырчылары Таир Бейшеев, Бакыт Ыбыкеев аткарышат. Дирижёрлук милдетти Коичи Иноуэ аркалайт.

“Каркыранын канаттары” операсынын бет ачары 1952-жылы болуп, андан бери 700 жолу көрүүчүлөргө тартууланган. Анын сюжети япон фольклорунан алынган.  

Айыл тургуну Иохио жаш каркыраны сактап калып, багып чоңойтот. Анын мээримдүүлүгүнөн канаттуу адамга айланып, ага жубай болот. Ал өзүнүн канаттарынан күйөөсүнө кайталангыс кооздуктагы кийим тигип берет. Ошондо ичи тар коңшулары аялынын канатынан көп кийим тигип берүүсүнө Иохиону ынандыра баштаганда ал кайрадан кушка айланып учуп кетет. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: