Грек-рим күрөшү боюнча Москвада өткөн мелдеште кыргызстандык спортчулар байгелүү орунду ээлешти
Грек-рим күрөшү боюнча Москва шаарында өткөн өспүрүмдөр арасындагы мелдеште кыргызстандык спортчулар байгелүү орунду ээлешти. Бул тууралуу Раатбек Санатбаев атындагы спорт мектебинин жетекчиси Азатбек Тынаев билдирди. Маалыматка ылайык, 1-февралдан 3-февралга чейин Москва шаарында эркин күрөш боюнча биринчи Олимпиада чемпиону Борис Гуревичтин элесине арналган мелдеш өттү. Ага 10 мамлекеттен 61 команда катышып, Кыргызстандан барган Калый Сулайманов менен Рустам Рахматуллаев 2-орунду ээлешсе, Нуржигит Ташболотов менен Өсөр Жусупбеков 3-орунду багындырышты. Ал эми Халмурат Ибрагимов менен Адилет Таалайбеков 5-орунга татыктуу болушту.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.