Баш калаада балдарга арналган “Зымырыт шаарынын сыйкырчысы” аталышындагы жаңы жылдык жомоктун бет ачары болот



20-декабрда борбор калаадагы Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик орус драма театрында “Зымырыт шаарынын сыйкырчысы” аталышындагы А.Волковдун жаңы жылдык жомогунун бет ачары болот. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Бул спектакль балдар адабиятындагы достук, сыйкырдуу дүйнө, эстен кеткис жоруктар жана каармандар тууралуу жомоктун негизинде даярдалган. Жаш көрүүчүлөр кичинекей Элли атуу кыз жана анын достору менен сыйкырдуу өлкөгө сапар алышып, алар күтүлбөгөн окуяларга туш болушат.
Спектакль 10-январга чейин уланат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.