super.kg logo

Касымалы Жантөшевдин тандалган чыгармаларынын 5 томдугу кайрадан басылып чыкты

 

Кыргыз Эл жазуучусу, драматург Касымалы Жантөшевдин тандалган чыгармаларынын 5 томдугу кайрадан 1000 нуска менен басылып чыкты. Жазуучунун тандалган чыгармалары облустук, мамлекеттик, жогорку окуу жайлардын жана Жогорку Кеңештин китепканасына таратылды. Китепке анын “Каныбек” романы, “Эки жаш” повести сыяктуу бир топ чыгармалары киргизилген. Китепти басып чыгарууга Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан жана ишкерлер коому тарабынан көмөк көрсөтүлгөн.

Касымалы Жантөшев 1904-жылы Түп районунун Тепке айылында туулган. Фрунзедеги педтехникумду бүтүргөн. Чыгармачылык жолу ырларды жана пьесаларды жазуу менен башталган. “КарачачАлым жана МарияДар-дашӨчЭл ырчысы пьесаларын, Курманбек драмасын жазган. Ошондой эле Хан-теңирлик чабанКаныбек романдарын жараткан. Эки жолу Ардак белгиси ордени, медалдар, Жогорку Советтин Ардак грамоталары менен сыйланган. Ысык-Көл облустук драма театрына анын аты берилген. 1968-жылы 64 жаш курагында дүйнө салган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.12.2014. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы экен,баасын айтып койгулачы супер инфонун жамааты,канча турат бир тому,сураныч,Жана каяктан алса болот?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: