Жылнаама, 20-декабрь: Мындан 315 жыл мурун Пётр I Орусияда Жаңы жылды 1-сентябрдын ордуна 1-январда тосуу тууралуу мыйзам чыгарган



* Мындан 315 жыл мурун, 1699-жылы Пётр I Орусияда Жаңы жылды 1-сентябрдын ордуна 1-январда тосуу тууралуу мыйзам чыгарган. Жаңы жыл майрамы эң эски майрамдардан. Байыркы египеттиктердин пирамидаларын изилдеп жатышып археологдор "Жаңы жылдын башталышы" деген жазууларды табышкан. Натыйжада байыркы египеттиктер Жаңы жылды сентябрь айынын аяктарында, Нил суусунун кирип баштаган убагында белгилешкен. Ал эми байыркы римдиктер биздин заманга чейин эле жаңы жылдык белектерди бири-бирине тартуулашып, ал түнү таң аткыча бири-бирине жакшы тилектерин айтып майрамдашчу. Алар узак жылдарга чейин Жаңы жыл майрамын март айынын башталышында белгилешкен. Качан гана Юлий Цезарь өзүнүн юлиан календарын түзгөндөн кийин бул майрам январдын биринчи күнүнө жылдырылган.
Деги эле байыркы замандарда Жаңы жылды жазга байланыштырышкан. Табияттын жаңыдан ойгонушу менен келечектеги түшүмдүүлүктүн кабары элди бейкапар калтырчу эмес. Ушундан улам байыркы орус эли да Жаңы жылды 1-мартта тосушчу. Кийин Москванын чиркөөсүнүн чечими менен Жаңы жыл грек календарына туураланып, 1-сентябрга жылдырылган. Пётр I Европага саякаттап келген соң, аталган майрамды 1-январга которгон.
20-декабрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.