super.kg logo

Республикалык жаш дизайнерлер сынагында "Таластык кыздар" аттуу коллекция мыкты деп табылды

 
Мария Исанова сынакта баш байгени утуп алган Айзада Кушчубаевага сыйлык тапшырууда.
Айзада Кушчубаеванын "Таластык кыздар" аталышындагы кийимдер коллекциясы.
3-орунду ээлеген Абдиназаров Кыялдын кийимдер коллекциясы.
Таалай кызы Нурзаттын "Амазонкалар" аттуу коллекциясы 1-орунду алуу менен чектелбестен, кийимдерин "Назик+" тобунун клибине тартууга шарт түзүлдү.
Таалай кызы Нурзаттын "Амазонкалар" аттуу коллекциясы 1-орунду алуу менен чектелбестен, кийимдерин "Назик+" тобунун клибине тартууга шарт түзүлдү.
Сынакта Кыргызстандагы атактуу дизайнерлер Мадина Тапаева, Замира Молдошевалар калыс болушту.
Республикалык жаш дизайнерлер сынагын уюштуруп келген Дамира Айтыкеева.
Жаш дизайнер Айзада Кушчубаева.
Жаш дизайнер Айзада Кушчубаеванын "Таластык кыздар" коллекциясы.
Жаш дизайнер Айзада Кушчубаеванын "Таластык кыздар" коллекциясы.
Жаш дизайнер Айзада Кушчубаеванын "Таластык кыздар" коллекциясы.
Жаш дизайнер Айзада Кушчубаеванын "Таластык кыздар" коллекциясы.

Бүгүн, 21-декабрда Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде 4-республикалык жаш дизайнерлердин сынагы өттү. "Салттык эмес жаңы 2015-жыл" аттуу сынакка республикабыздагы жогорку окуу жайларда дизайнерлик кесип боюнча билим алып жаткан студенттер катышышты. Алар кагаз, темир, жип, пластикалык идиштер, зым, уйгак жана башка буюмдардан кийимдердин коллекциясын тартуулашты. "Көпөлөктөр", "Күмүштөр", "Амазонкалар", "Клеопатра" жана башка ушул сыяктуу коллекцияларды көрүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.  Иш-чаранын уюштуруучусу, Н.Исанов атындагы КМКТАУнун костюмдарды көркөм долбоорлоо кафедрасынын жетекчиси Дамира Айтыкеева сынакка катышуучулардын деңгээли жыл сайын өсүп жаткандыгын айтып өттү.

Калыстар тобуна кирген Кыргызстандагы белгилүү дизайнерлер Мадина Тапаева, Замира Молдошевалар катышуучуларга чыгармачыл эргүү, изденүү каалап, жаш дизайнерлердин эмгектеринде өсүү байкалганын айтышты. Ал эми Н.Исановдун кызы Мария Исанова сынактын жеңүүчүсү деп табылган И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин 3-курсунун студенти Айзада Кушчубаевага сыйлык тапшырды. Кийимдердин коллекциясын даярдоого бир ай кеткенин айткан Айзада Кушчубаева: "Таластык кыздар" аталышындагы эмгегим жалпысынан 5000 сомго даяр болду. Кийимдерде ырчы Леди Гаганын образын берүүгө аракет кылдым. Кийимдер шире иччү түтүк, пластикалык тарелка, кашыктардан жасалды. Бир көйнөктү жасоого 2000 стакан, 1000 кашык керектелди",- деп толкунданганын жашырган жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
21.12.2014. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жакшы Жакшы молодцы
21.12.2014. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар бирок мааниси кандай деймда бул кийимдердин не деп тушунсок болот
22.12.2014. 02:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркек дизайнерлер ото назик балдар окшойт, Кыялдын турганын коруп жаздым. Деги эле башка эркек дизайнерлер да кыздарга окшоп назик корунот.
22.12.2014. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы, коп убакыт даярданышканы корунуп турат. Мага жакты.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: