Ошто 2020-жылга чейинки диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу чаралары талкууланат
Ош шаарынын активи бүгүн, 22-декабрда КРнын Коргоо кеңеши тарабынан 2014-жылдын 3-ноябрында бекитилген 2014-жылдан 2020-жылдарга чейинки диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча документти талкуулайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш-чарага муфтий Максат Токтомушев, КРнын Президентинин алдындагы Дин иштери боюнча комиссиясынын жетекчиси Орозбек Молдалиев, Ош шаардык кеңешинин депутаттары, шаардык казыят, жергиликтүү мекеме-уюмдардын, аймактык кеңештердин, укук коргоо мекемелеринин өкүлдөрү катышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:55
2025-07-10

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.