super.kg logo

Балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларына көңүл бурдурууга багытталган бий флешмобу өттү

 

Бишкекте өткөн аптанын соңунда Кыргызстандагы балдар үйлөрүнөн жана мектеп-интернаттарынан чыккан жаштардын тобу интернат мекемелериндеги жаштардын абалына көңүл бурдуруу жана бул жаштар үчүн социалдаштыруу жана өнүктүрүү каражаты катарында "Белек" аттуу флешмоб өткөрүштү. Бул тууралуу 22-декабрда аталган иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.

Иш-чара интернат мекемелеринде жашаган жаштардын өзүн өзү баалоосун, социалдык жөндөмдөрүн жогорулатууга, инсандыгын өнүктүрүүгө багытталган "Jasa.kg" программасынын алкагында өттү.

Жаңы жыл майрамына арналган саамалыкта катышуучулар достук, сүйүү, эркиндик, тынчтык жана кубаныч сыяктуу кереметтерди жана баалуулуктарды чагылдырган бийлерди аткарышты. Соңунда топтор чогуу бийлеп жана көрүү үчүн келгендерге кагазга жазылган каалоо-тилектери бар шарларды таратышты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: