super.kg logo

Комиссия "Шабдан баатыр" тасмасына сценарий жазууну режиссёр Эрнест Абдыжапаров менен депутат Каныбек Иманалиевге тапшырды

 

22-декабрда Бишкектеги КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинде Шабдан баатыр тууралуу тарыхый көркөм тасманы тартуу иштери боюнча комиссиянын жыйыны өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган департаменттен билдиришти.

Маалым болгондой, комиссия мүчөлөрү 2015-2016-жылдары “Шабдан баатыр” тарыхый тасмасын тартууну Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясына тапшыруу чечимин кабыл алышты. Мындан тышкары аталган тасмага сценарий жазууну режиссёр Эрнест Абдыжапаров менен ЖКнын депутаты Каныбек Иманалиевге тапшырышты. Алар 2 айдан соң “Кыргызфильмдин” көркөм кеңешине жазылган сценарийди көрсөтүшү керек.

Жыйынга Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев, КРнын Эл артисттери Нуртай Борбиев, Геннадий Базаров, Актан Арым Кубат, Кыргыз Эл жазуучусу Мар Байжиев, “Кыргызфильм” улуттук киностудиясынын көркөм кеңешинин мүчөлөрү Бекболот Айдаралиев, Болот Алимбаев жана башкалар катышышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.12.2014. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммм. Шанс! Аябай дерзкий шанс келиптир Эрнст байкеге.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: