super.kg logo

Акыйкатчы казакстандык кесиптеши менен укук коргоочу уюмдардын иш-аракеттерин талкуулады

 
КРнын Акыйкатчысы Бактыбек Аманбаев казакстандык кесиптеши, Эл аралык адам укуктарын жана мыйзамдуулукту сактоо бюросунун директору, “Балдар укуктарын коргоо боюнча” Казакстандын бейөкмөт уюмунун жумушчу тобунун координатору Роза Акылбекова менен жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда акыйкатчынын басма сөз кызматынан билдиришти. 
Маалыматка ылайык, жолугушуунун алкагында Роза Акылбекова Казакстанда Адам укуктары боюнча комиссия, Айымдардын укуктары боюнча улуттук комиссия жана Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу институтунун функциялары жөнүндө кеңири маалымат берди. Өз кезегинде КРнын Акыйкатчысы кесиптешине Акыйкатчы институтунун жумушу, иш-чаралары, кездешүүчү көйгөйлөрү тууралуу айтып берди. Ошондой эле Бактыбек Аманбаев учурдагы “КРнын Акыйкатчысы жөнүндөгү” мыйзам Конституция менен адам укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү эл аралык нормаларга келишпестиктери бар экенин да кошумчалады. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: