Жылнаама, 25-декабрь: Мындан 37 жыл мурун англиялык актёр, композитор жана режиссёр Чарли Чаплин каза болгон


* Мындан 35 жыл мурун, 1979-жылы КПСС БКнын саясий бюросу 1979-жылы 17-мартта Ооганстандын элине жардам көрсөтүү үчүн советтик аскерлерди киргизүү чечимин кабыл алган. Ал эми 1979-жылы декабрдан баштап Ооганстан өлкөсүнө советтик аскерлер массалык түрдө киргизиле баштаган. 1989-жылдын 15-февралында Ооганстандагы советтик аскерлер чыгарылган. Ушул убакыт ичинде 620 миңдей советтик офицер, жоокер кызмат өтөп, согушта 15 миңдей жоокер көз жумуп, 54 миң жоокер жараат алышкан. Кыргызстандан да 7141 тургун согушка катышып, душмандын колунан 300дөн ашуун адам каза болсо, 1500 жоокер жараат алып, 4 жоокер дайынсыз жоголгон. Өлкөбүздөн 2 адам Советтер Союзунун Баатыры наамын алган. Алар – Юрий Исламов (өлгөн соң сыйланган) жана Сергей Гущин.
* Мындан 2 жыл мурун, 2012-жылы Казакстандын "Чымкент" аэропортунан учак кырсыкка учурап, 27 адам каза болгон. Учакта 20 аскер кызматкери, анын ичинде Казакстан Чек ара кызматынын башчысынын милдетин аткаруучу Турганбек Стамбеков жана экипаждын 7 мүчөсү болгон.
25-декабрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.