super.kg logo

“Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтигинин кайрадан басылып чыккан вариантынын бет ачары болду

 

24-декабрда Бишкектеги Улуттук илимдер академиясында манасчылар С.Орозбаков, С.Каралаев, Тоголок Молдо, Ш.Рысмендеев, М.Мусулманкуловдордун оозунан жазылып алынган “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторунун бириктирилген варианттарынын бет ачары өткөрүлдү. Аталган академиядан билдиришкендей, иш-чарага окумуштуулар, адабиятчылар, жазуучу-акындар катышты. 

Сейрек китепке айланган бириктирилген варианттар академик Абдылдажан Акматалиев менен Китеп палатасынын директору Койчуман Момункулов жетектеген чыгармачыл топ тарабынан кайрадан даярдалып, басылып чыкты. “Манас” эпосунун тексттерин окурмандарга жеткирип, элдин аң-сезимине сиңирип, ар-намыстуулукка, гуманизмге, адамдык жакшы сапаттарга тарбиялоо негизги милдеттердин бири болуп саналат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: