super.kg logo

Садык Шер-Нияз Кинематографисттер союзунун башчысы кызматына кайра шайланды

 

Садык Шер-Нияз Кинематографисттер союзунун башчысы кызматына кайра шайланды. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, аталган союздун уставына ылайык, башчы 3 жылга шайланат. "Садык Шер-Нияздын башчы кызматындагы ыйгарым укуктары соңуна келип, мындан улам съезд талапкерлерди көрсөтүү маселесин талкуулашты. Жыйында Садык Шер-Ниязды калтыруу боюнча чечим бир добуштан кабыл алынды",- деп билдиришти министрликтен.

Мындан тышкары Кинематографисттер союзунун башкармалыгынын курамына жаңы мүчөлөр Мария Абакирова жана Фархад Бекмамбетовду кошуп, курамды ошол бойдон калтыруу боюнча чечим кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
29.12.2014. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Министрликтен туура эмес маалымат таратышыптыр. Ал жерде бир добуштан калтырышкан эмес. Каршылыгын билдирип, нааразы болгондор да чыккан. Аны конечно сыртка чыгарышпайт да.
29.12.2014. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул киши татыктуу эмес. Тундук Туштуктун авторлорунун бири. Коп болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: