super.kg logo

Жылнаама, 2-январь: Мындан 62 жыл мурун коомдук-саясий ишмер Кубатбек Байболов туулган

 
* Мындан 62 жыл мурун, 1952-жылы КРнын ички иштер жана сот системин реформалоого салымын кошкон коомдук-саясий ишмер, КРнын экс-депутаты Кубатбек Байболов Аламүдүн районунун Чоң-Арык айылында туулган. 1977-жылы КМУнун тарых факультетин аяктап, 1983-жылы Ташкент шаарында чалгындоо окуу жайын бүтүргөн. Андан кийин экономикалык жана юридикалык кесипке да ээ болгон. Жогорку Кеңештин үч чакырылышынын депутаты (1995, 2000, 2005-жылдар). 2009-жылы мартта үй-бүлөсү менен АКШга кетүүгө аргасыз болуп, Апрель окуясынан соң кайтып келген. 2010-жылдын май айынан сентябрга чейин УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары, Жалал-Абад облусунун коменданты жана ички иштер министри болуп иштеген. Ал эми 2010-жылдын сентябрынан 2011-жылдын мартына чейин башкы прокурордун милдетин аткаруучу болуп турган.
 
* Мындан 22 жыл мурун, 1992-жылы рэп ырчысы Бегалы Белекбаев Ош облусуна караштуу Алай районунда төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академияны бүтүргөн. Сахнага алгач 2009-жылы сахналаш досу Баястан менен биргеликте "Керексиң мага" аттуу ыры менен чыккан.
 
* Мындан 27 жыл мурун, 1987-жылы орусиялык актриса Валерия Ланская Москвада туулган. Ал кичинекейинен муз үстүндө бийлөөгө кызыгып, апасы спорттун ушул түрү боюнча машыктыруучу болгондуктан, кызын да гимнастика жана муз үстүндөгү бийге үйрөткөн. Валерия Ланская 2005-жылдан тартып тасмаларга тартыла баштап, "Есенин", "Заяц над бездной", "Кадетство", "Принцесса цирка" ж.б. фильмдерде роль жараткан. "Принцесса цирка" фильминдеги трюктардын 80 пайызын өзү аткарган.
2-январда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: