Жылнаама, 3-январь: Мындан 6 жыл мурун советтик жана орусиялык актёр Александр Абдулов көз жумган


* Мындан 20 жыл мурун, 1994-жылы Орусиянын Иркутск шаарынын аэропортунан учкан Ту-154 учагы 5 мүнөттөн кийин кулап түшкөн. Учакта болгон 125 адам жана жердеги 1 киши көз жумган.

Александр Абдулов кино дүйнөсүнө 1974-жылы аралашып, актёрдун кинодогу эң алгачкы кадамы “Витя, Маша жана деңиз аскерлери жөнүндө” аттуу тасмадан башталган. Ал эми чыныгы атактуулук ага “Кадимки сыйкыр” аттуу фильминдеги ролунан кийин келген. Анын эмгегинен жаралган дагы бир популярдуу кино – “Сүйүктүүңөр менен ажырашпагыла”. Андан кийин эле Абдулов катышкан “Так ошол Мюнхгаузен” (1979), “Сыйкырчы” (1982), “Свифт курган үй” (1983), “Сүйүүнүн эрежеси” (1984) жана башка кинолор биринин артынан бири жарык көрө баштаган.
Александр Абдулов жалпысынан 140ка жакын фильмде роль жараткан. Акыркы жылдары “NEXT” фильмдеринде, “Сүйүү жөнүндө”, “Муз доору”, “Капкан”, “Артист кыз”, “Лузер” сыяктуу тасмаларда аткарган ролдору аркылуу элдин жүрөгүнөн орун алган. 1986-жылы “СССРдин Эмгек сиңирген артисти”, 1991-жылы “Орусиянын Эл артисти” наамдарынын ээси болгон. Ошондой эле 1997-жылы Ардак белгиси ордени, 2007-жылы “Мекенине сиңирген эмгеги үчүн” IV даражадагы орден менен сыйланган.
3-январда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.