super.kg logo

Ош. Жапалак айылында 120 балага ылайыкталган заманбап бала бакча пайдаланууга берилди

 

Ош шаарынын Жапалак айылдык кеңешинде Актан Жапалак атындагы №73-балдар бакчасынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, пайдаланууга берилген балдар бакчасы 120 балага ылайыкталган. Анда бардык шарттар түзүлүп, музыкалык жана спорттук зал да курулган. Анын курулуш иштери ушул жылдын июнь айында башталып, ага 22 миллион 900 миң сом сарпталган. 

Иш-чарага катышкан Ош шаарынын мэри: “Жыл тогошор мезгилинде жалпы Жапалак айылынын элине, ачылып жаткан балдар бакчасы шаар мэриясы тарабынан жаңы жылдык белек десем жаңылышпайм. Мен жаңыдан мэр болуп шайланганда бул жердин эли менен жолугушуу учурунда балдар бакчасынын жоктугун айтышкан. Сиздердин талабыңыздарды орундатып, бүгүн жаңы балдар бакчасын ачып отурабыз. Мындан бир-эки күн мурда президенттик жана өкмөттүк аппараттан келген коноктор бул бала бакча Ошко эле эмес, жалпы Кыргызстанга үлгү болорун белгилешти. Биз кыска аралыкта эң уникалдуу жана сапаттуу балдар бакчасын кура алдык. Мындан ары да мындай бакчаларды көп курууга аракет кылабыз”,- деди Айтмамат Кадырбаев.

Бала бакчанын ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Улан Примов жана жергиликтүү тургундар катышты.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
30.12.2014. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тузук, тузук
30.12.2014. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаплактын кайсы жеринде ачылды?
31.12.2014. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uulay,
Ош-Ноокат жолунда!
Аябай сонун курулуптур!
31.12.2014. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Barika, чон рахмат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: