super.kg logo

Бишкекте 8-кабаттан кулап каза болгон өспүрүмдүн иши боюнча Нариман Түлеевге айып салынып, эки кызматкер иштен бошотулду

 

“ЭкспоСтрой” ЖЧКсынын курулуш объектисинин 8-кабатынан кулап кетип каза тапкан 16 жаштагы Жаныш Мамбетакун уулунун өлүмү боюнча аталган ишкананын жетекчисинин орун басары Нариман Түлеев жана ишкананын аткаруучу жетекчисине 20 миң сом өлчөмүндөгү административдик айып пул салынды. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул иш боюнча курулушка тиешелүү көзөмөл жүргүзбөгөндүгү үчүн Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын инспектору менен бөлүмдүн жетекчиси да иштен бошотулду.

Белгилүү болгондой, өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев өзүнүн жеке көзөмөлүндөгү окуя боюнча жыйын өткөргөн болчу. Анда ал өспүрүмдүн өлүмү боюнча тиешелүү мекемелерди катуу көзөмөлгө алуу тапшырмасын берген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында "Бишкек башкы курулуш" тарабынан Бишкек шаарында курулуп жаткан көп батирлүү 26 үй текшерилди. Жыйынтыгында 2 объекттин курулушу токтотулуп, 43 миң сом өлчөмүндөгү айыптар салынды.

Ошондой эле жогоруда аталган окуяны иликтөө иштеринин алкагында каза болгон Жаныш Мамбетакун уулу “ЭкспоСтрой” ЖЧКсынын бригадири Ж.Тобокеловдун кайниси болгондугу аныкталды. Ал 24-ноябрь күнү жетекчилерине кабар бербестен, кайнисин объекттин аймагына киргизген. Аталган курулушта техникалык коопсуздук жана эмгекти коргоо боюнча курулуш нормаларын жана эрежелерин сактабаган күнөөлүү тарапты аныктады. Жоопкерчиликтерин кароо максатында комиссиянын материалдары Ленин райондук прокуратурасына жөнөтүлдү. Аталган факт боюнча Ленин райондук прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголуп, иликтөө Бишкек ШИИББинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

"Азыркы учурда тергөө аракеттери улантылууда. Мындан тышкары курулуштардагы кокустук окуялары жана өрт кырсыктарына байланыштуу Мамэкотехинспекциянын ишмердүүлүгүн анализдеген түзүмдөр аралык комиссия түзүү тууралуу демилге көтөрүлүп жатат. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы жана укук коргоо органдарынын иликтөөлөрүнүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү корутунду берилет" деп айтылат маалыматта.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(17)
30.12.2014. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Кайсыл Нариман Тулеев,соттолуп жаткан Нариман болсо биротоло бар же жок болобу,эгерде анча болсо Камила Дуйшобаеваны дагы ушуга окшогондорду мойнуна илип койгула жыл аягында баардык иш жабылат кутуласынар.
30.12.2014. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
myrza80, ошону айтсаныз...уффф
30.12.2014. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кечее айылда тооктор жоголуптур Н.Тулеев уурдаган окшойт...
Башка шектуу адам жок болуп жатат...
30.12.2014. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurmuhammad, кандай тушунбойсунор. Эмне Нариманга асылып атат билдинерби? Убагында ал мэр болчу. Кабат уйлордун курулушун туура эмес жетектеген болуп атпайбы.
30.12.2014. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Каза болгон баланы Нариман ака СИЗОдон акырыыын чыгып, жетелеп барып туртуп ийсе керек, менин оюмча.
30.12.2014. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушунчалык дагы болосунарбы бийликтегилер,сизодо жаткан адам барып туртуп салды дегиле ,азыр Нариман ака иштебей сизодо болсо деле илип койгула мойнуна
30.12.2014. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызстанда бир эле куноолуу адам,бул Нариман!Башкалары баары тен кузгудой "таза адамдар"!
30.12.2014. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
админ кайсы Нариман Тулеев айтып койсонор азыркы убакта соттолуп жаткан экс мэрби??
30.12.2014. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нариман Тулеевди ушунчалык начар адам дейт Н.Т жаткан 47 турмодо менин эжем иштейт айтат Н.Т ото начар аялы келет дейт очередь кутпой мен келе жатканда неге эшикти ачпайсынар деп жанжал салат Н.Т каалаганындай журот баарын согот СИЛЕРГЕ КОРГОЗОМ ДЕП КОРКУТАТ иши кылып ар кандай жаман кылыктарын коргозот оорудум деп сот иштерине барбай коет экен болбосо оорубай эле тынч эле жатат комнатасында дейт акырын видеого тартып интернетке жонотпойсуздорбу десем коркобуз иштен айдалып кетсек дейт
30.12.2014. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
анан дагы газеталарга бизди жамандап бир байкуштун кейпин кийип интервью берет экен калп эле
бул иштеп журсо бошонуп чыгыптыр да э турмодон мен Н.Т жакшы адам экен деп ойлочум шумшук тура корсо аны жактап мактап кереги жок эми бул менин комметим окуп алып да жанжал салбаса болду
skanya87 түзөттү 30.12.2014 15:33
30.12.2014. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Экс мэр Н.Тулеев эле окшойт. Ошол ишкананын замы экен. Достор кичине карасанар аткаруучу директору менен замына айып пул салыныптыр. Кобуроок салаш керек эле. Бир адам олуп атса, булар 20 мин сом менен кутулат экен.20 мин доллар салсада ошол баланын бир кундук омуруно да арзыбай. Негизи эле азыр шаардагы копчулук стройкомпаниялар коопсуздук эрежелерин жакшы сактабайт.
30.12.2014. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окшош ат, фамилия окшойт менимче,себеби ишкананын жетекчисинин орун басары деп жатпайбы Нариман Түлеев дегенди
30.12.2014. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Н Тулеев каяктан журуп курулуш компанияга зам болуп барат эле,туура тушунуп жазсанар
30.12.2014. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nariman tuleevdin firmasy bolso kunoluu bolot da, turmodo bolso da ishtep jatat jantalashyp
31.12.2014. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ызылдай бербегилечи бир эле нариман бар бекен. Хотя Нариман Тулеев деле (мэр) периште эмес анын да куноосу коп эл алдында
31.12.2014. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш бала он гулун бири ачылбай,ата энесин сыздатып кете берди.Куураган турмуштун айынан барды да,курулушка.Болбосо билим алып болочокто бир кесиптин ээси,уйлонуп балдарына ата болмок.Бул билингени билинбей калган кор оокатын айынан канча оспурум каза болуп жатышат,дагы канчасы ата энесин кан жуткурат.Балдардын омурун жарыбаган акчага баалаган чондордо уят сыйы бар бекенби.Озлорун балдары кара жумуш эмес,киргени ресторан минген жип акча менен кирген окуусун жондоп окушпайт.
31.12.2014. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
арты кайырлуу болсун не дейбиз олгондун озунун шору да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: