super.kg logo

Сапаттуу юмор менен күлкүгө сугарган "Бир тууганчик" тасмасынын бет ачары болду

 
Тасмадагы башкы каармандардын образын жараткан Бакыт Осмонканов жана Жеңиш Майрамбек уулу.
Режиссёр Аскат Табалдиев: "Көздөгөн максатыбыз 98 пайызга ишке ашты".
Жеңиш Майрамбек уулу: "Каарманымды мен акылы тайкы адам деп айта албайм".
Башкы каармандын ролундагы Элеанора Аликова: "Тасма жаратуучулар абдан креативдүү топ болгондуктан, образды ачып берүү оңой болду".

Бүгүн, 30-декабрда Бишкекте “Бир тууганчик” үй-бүлөлүк кинокомедиясынын бет ачары өттү. Кыргыз комедиясынын катарын толуктаган тасманын идеясы Данияр Болотбеков жана Аскат Табалдиевге таандык. Башкы каармандардын образын Бакыт Осмонканов, Жеңиш Майрамбек уулу жана Элеанора Аликова жаратышкан.

Эки айда тартылып, эл назарына коюлган фильмдин бюджети 35 миң долларды түзгөн.

Башынан аягына чейин сапаттуу юмор менен күлкүгө сугарган тасманын түпкүрүндө терең ой камтылгандыктан, көрүүчүлөрдү үй-бүлөлүк баалуулуктар тууралуу ойлонууга жетелейт.

Тасма 27 жашында сүйүктүүсүнө баш кошуу сунушун киргизген Бакыт аттуу жигит жөнүндө. Алдыда боло турчу үйлөнүү тою тууралуу кабарлоо үчүн жалгыз гана эң жакын адамы болгон атасына барганда, атасы да үйлөнө турганын угат. Бакыт бир гана өгөй энелүү эмес, Аман аттуу инилүү да болот. Амандын акылы кыска болгону менен, ичинде кири жок, ак көңүл, боорукер жигит. Бакыттын мына ушул жаңы туугандуу болушу менен анын жашоосунда төңкөрүш болуп, жашоосу, жумушу, келечектеги үй-бүлөсү бузулат. Мунун баары күлкүлүү окуялар менен коштолот.

Аталган тасманы жараткан режиссёрлордун бири Аскат Табалдиев буларды айтты: Фильм көрүүчүлөргө тартууланганга чейин кыжалат болдук. Тасманы көргөн элдин "жакты, сонун болуптур" деп куттуктаганын угуп сүйүнүп жатабыз. Тасмадагы эки каармандын образын математикалык тактык менен ойлоп таптык. Алардын кыял-жоругу бири-бирине карама-каршы келген образдар болчу. Андан кийин оюбузга келген ушул каармандарды бир үйгө кантип жашатыш керек деген маселе жаралды. Буларды башында эле Бакыт менен Жеңиш аткарат деп чечилген. Анан Бакыт "булар бир тууган болбойбу..." деген сунушун киргизгенде, ал колдоого алынып, сценарий жазылды. Көздөгөн максатыбыз 98 пайызга ишке ашты деп айта алам. Анткени тасма позитивдүү, күлкүлүү. Эми кыргызстандыктар 1-январдан баштап көрө алышат”.

Токтоо каармандын ролун жараткан актёр Бакыт Осмонканов: “Жеңиш экөөбүз сценарий жазып жатканда эмоциябыз туура келиш үчүн өзүбүзгө ылайыктадык. Жеңиш мыкты аткарып берерине башында эле ишенгем. Өзүмдүн образымды дагы жеткиликтүү ойноп бердим. Каарманымдай өзүмчүл жагым бар, бул жагынан окшошуп кетебиз. Тасма менен эң башкысы үй-бүлөлүк катнаш экенин жеткирүү болду”,- дейт.

Тапшырылган ролду майын чыгара аткарган Жеңиш Майрамбек уулу: “Образ жаратуу кыйын болду. Тасма аянтчасында балдар "мындай кыл, тигиндей кыл" деп түшүндүрүп берип турушту. Каарманымды мен акылы тайкы адам деп айта албайм. Болгону башынан көптөгөн кыйынчылык өткөрсө да, чөгүп кетпеш үчүн дайыма маңдайы жарык жүргөн кең пейил каарман. Көптөгөн акылга сыйбаган иштер анын атайылап жасаганынан эмес, капыстан орун алган окуялар деп айтар элем”.






“Бир тууганчик” үй-бүлөлүк кинокомедиясы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(10)
30.12.2014. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кино жакшы окшойт
31.12.2014. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондойго
31.12.2014. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
)))))))))))))))) .коргум келип кетти го..
31.12.2014. 05:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коруш керек экен.
SUPER.KG видео
31.12.2014. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун кино го. Интернетке качан жуктолот??? Чыдамсыздык менен кутом Супер Инфо!!!
SUPER.KG видео
31.12.2014. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кино залга эртерек жуктолушун суранам.
SUPER.KG видео
31.12.2014. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кино негизи жакшы болуптур,молодцы,ИЙГИЛИК.
02.01.2015. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бугун коруп келдим ураа.. чынын айтсам омурумдо мынчалык кулгон емесмин же кыргызча киного кызыкпагангабы билбедим аябай сооонун болуптур, актерлер жасалма суйлобой профессионал актерлор ойногондой болуптур баарынанда женишбектин ойногону жакты суппер.всем советую посмотреть. Жаратуучуларга терен ыраазычылык.
SUPER.KG видео
13.01.2015. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бүгүн барып кинону коруп келдим. Сонун кино экен, бир жылга жашарып келдим.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: