super.kg logo

Бишкекти Жаңы жылга карата кооздоо боюнча жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды

 

Кечээ, 30-декабрда Бишкек мэриясында Жаңы жылга карата тиешелүү райондорду жана имараттарды кооздоо боюнча жарыяланган сынактын жыйынтыгы чыгып, жеңүүчүлөр сыйланышты. Ага вице-мэрлер Замирбек Малабеков менен Марс Саккараев катышты. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тиешелүү райондун аймагын Жаңы жылга карата кооздоо боюнча жарышта 1-орунду Свердлов райондук администрациясы ээлеп, 50 миң сом сыйлык алды. Бул жаатта Биринчи Май райондук администрациясы 2-орунду ээлесе (30 миң сом байге), Октябрь жана Ленин райондук администрациялары 3-орунду ээлеп, 20 миң сомдон сыйлык алышты.

Мамлекеттик административдик имараттарды жана министрликтердин имараттарын кооздоо боюнча жеңүүчүлөр аныкталган жок. Ошентсе да айырмалангандар сыйлык алышты. Мисалы, Кожомкул атындагы Спорт Ордосунун алдындагы Бугу эненин элесин, бешикти жана балатынын маанисин комиссия жогору баалап, спорттук имараттын директору Эдил Касеновго 15 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды. Ал эми бюджеттик мекемелер арасында баш байге болгон 15 миң сомду Троллейбус башкармалыгы утту.

Кошумчалай кетсек, сынактын шарты боюнча, ага бардык райондук администрациялар, министрликтер, административдик мекемелер, бюджеттик мекемелер жана башкалар катышуу укугуна ээ болушкан. Жалпы байге фонду 240 миң сомду түзгөн сынакта оригиналдуулук, көркөмдүк, стиль жана чөйрөгө тийгизген таасири эске алынды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
31.12.2014. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бета сторес сонун экен.Кыргыз элим Жаны жылыныздар менен!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: