super.kg logo

Депутат Бөдөш Мамырова "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланды

 

Бүгүн, 31-декабрда Бишкекте улуу акын Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына арналган салттуу музыка жумалыгын даярдоо жана өткөрүү иш-чараларына кошкон салымдары үчүн маданият чөйрөсүнүн, ММКлардын өкүлдөрүнө сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти. 

Салтанаттуу иш-чарада КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри А.Максүтов сөз сүйлөп, жалпысынан 2014-жыл маданият үчүн бир топ жемиштүү болгонун белгиледи. Улуу акын Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгынын бүтүндөй түрк дүйнөсүндө белгилениши Кыргызстан үчүн чоң сыймык экенин айтып, анын алкагында апрель айында Бишкек шаарында өткөн салттуу музыка жумалыгынын маанисин белгилеп өттү.

Кыргыз Республикасынын маданиятын жана искусствосун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен ЖКнын депутаты Бөдөш Мамырова, сүрөтчүлөр Майрамкул Асаналиев, Айтбүбү Бадахшанова, ырчы Эльзар Өскөнбаева жана башкалар сыйланышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: