Ысык-Көл. Жер титирөөгө байланыштуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Мирбек Асанакунов жыйын өткөрдү
28-январдагы жер титирөөдөн жабыркагандардын санын жана материалдык чыгымдарын тактоо үчүн өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Мирбек Асанакунов 5-февралда жыйын өткөрдү. Жыйында облустук, райондук жана шаардык Жарандык коргонуу комиссияларынын башчыларына үстүбүздөгү жылдын 7-февралына чейин текшерүү жана изилдөө иштерин аяктоо тууралуу тапшырмалар берилди. Алдын ала айтылган маалыматтарга ылайык, Түп району боюнча 30 үй авариялык абалда, 23 үй капиталдык оңдоого, 19 үй оңдоп-түзөөгө муктаж жана 21 үй көзөмөлгө алынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

