super.kg logo

Нарын. Борбордук "Теӊир-Тоо" аянтында Жаңы жылда эки сааттык концерттик программа тартууланды

 

Нарын шаарынын борбордук «Теӊир-Тоо» аянтында 31-декабрда кечки саат 19:00дөн 21:00гө чейин шаар тургундарына жаңы жылдык концерттик программа тартууланды. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сɵз катчысы Элиза Качкымбаева билдирди.

Анын айтымында, аянттагы балатынын жанына атайын сахна орнотулуп, майрамдык иш-чарага камылгалар кɵрүлгөн. Шаардык маданият бɵлүмү тарабынан даярдалган концерт шаардыктардын кɵӊүлүн кɵтɵрүп, кирип келе жаткан жаңы жылды тосууда жаркын маанай тартуулады.

Иш-чарада ɵкмɵттүн облустагы ɵкүлүнүн аппаратынын аппарат жетекчиси Ж.Дүйшеев, шаар мэри Р.Адиев шаар тургундарын Жаӊы жыл майрамы менен куттуктап, аруу тилектерин жолдошту. 

Ал эми майрамдык салтанаттын соӊунда облус башчысы А.Кайыповдун атынан жаӊы жылдык фейерверк тартууланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: