super.kg logo
  Саясат  

10-ноябрда Бишкекте жол коопсуздугуна арналган "Биз коопсуз жол үчүн" акциясы өтөт

 
  Бишкек шаарында 10-ноябрда "Жол коопсуздугу" коомдук уюму "Биз коопсуз жол үчүн!" деген ураандын астында акция өткөрөт. Иш-чара баш калаанын "Ала-Тоо" аянтында эртең мененки саат 10:00дө башталмакчы. Акциянын максаты - жол кырсыгынын олуттуулугуна, андан өлгөндөрдүн саны жыл сайын жогорулап жатканына шаардыктардын көңүлүн буруу, ар бир адамдын жоопкерчилигин жогорулатуу. Аталган иш-чарага ар бир каалаган адам катышса болот жана акция учурунда катышуучулар колдоруна ар кандай жол белгилерин жана жөө адамдарды жолдо жүрүүнүн эрежелерин сактоого үндөгөн бир катар плакаттарды кармап, коомчулуктун көңүлүн бурат. Аягында катышуучулар жол кырсыгынан каза болгондорду эскерүү мүнөтүн жарыялап, асманга тынчтыктын символу болгон көгүчкөндөрдү учурушат.                  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: