super.kg logo

Өлкөнүн бийик тоолуу аймактарында жана унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө

 

Өлкө аймагында 4-январдан 6-январга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан кардын жаашына байланыштуу тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 5-январда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек - Ош унаа жолунун 121-137 жана 198-265-чакырымдарында, Бишкек - Талас унаа жолунун 198-210-чакырымдарында (Өтмөк ашуусу), Ош облусундагы Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 45-90 жана 145-150-чакырымдарында, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100-чакырымдарында, Казарман - Ак-Тал-Чат унаа жолунун 67-94-чакырымдарында (Кара-Көө ашуусу), Ысык-Көл облусундагы Каракол - Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында кар көчкү коркунучу сакталат жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жолдор тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу айдоочулардан унаалардын ортосундагы 500 метр аралыктын так сакталышын талап кылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: