Хакерлер муфтияттын сайтына кол салышып, башкы бетке тапанча кармап турган кыздын сүрөтүн жайгаштырышты

Кыргызстандын муфтиятынын расмий сайтына хакерлер кол салышты. Учурда сайттын башкы баракчасынан тапанча кармап турган кыздын сүрөтү көрүнүүдө. Мындан тышкары анда "Эркин Сирия", "Эркин Палестина", "Колдон келбей турган нерсе жок", "Алжирден келген чабуул" деген жазуулар бар.
Автор: Нургазы Аматов
Муфтияттын басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдиришкендей, бул хакердик чабуул Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын саясатына каршы чыккан топтор тарабынан уюштурулушу мүмкүн. "Чабуул 3-январда орун алган. Учурда сайтты түзгөн адистер оңдоо иштерин жүргүзүшүүдө",- деди муфтияттын басма сөз катчысы Асан Саипов.
Айта кетсек, буга чейин 2 жылдын ичинде хакерлер өкмөт, Бишкек мэриясы, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Акыйкатчы институтунун сайттарын бузушкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:48
2025-07-11

15:52
2025-07-11
Рейтинг:
-1

Мунун баарын кимдер кылып жатканы белгилуу.
Ислам динин эч качан, эч ким жене албайт.
Азыр мамлекетте муфтият тарабынан жургузулуп жаткан иштер туура багытта бара жатат. Муну коро албаган дин душмандарынын чабуулу алсыз, колдорунан эч нерсе келбейт.