Бостондогу жардырууга шектелип, "өлүм жазасына тартылат" деп айтылып жаткан Царнаевдин сот иши башталууда




2013-жылы АКШнын Бостон шаарында өткөн марафон учурунда эки жардыруу боюнча айыпталган Жохар Царнаевдин соттук иши башталууда. Бул тууралуу бүгүн, 5-январда чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, биринчи отурумда сот арачыларын тандоо болот. "1,2 миң талапкерден 12си гана тандалат. Мындан тышкары 6 сот арачы запаста болмокчу. Царнаевдин эми соттук отурумдарга катышпастыгы күтүлүүдө. Байкоочулардын айтымдарында, соттук процесс 3 айдан 6 айга чейин созулушу мүмкүн. Ал эми жабырлануучу тарап Царнаевге өлүм жазасын талап кылгандыгы белгилүү",- деп жазышты басылмалар.
Эскерте кетсек, "2013-жылдын 15-апрелинде Бостон шаарында өткөн марафон учурунда эки жардырууну жасаган" деп шектелип Жохар Царнаев 19-апрелде кармалган. Ал эми анын агасы Тамерлан Царнаев 18-апрелде аталган окуядан соң полиция кызматкерлери менен атышуу учурунда окко учкандыгы айтылган. Жарылуунун натыйжасында 4 адам каза болуп, 183ү жаракат алган. Мындан тышкары 2014-жылдын 2-июнунда “АКШнын Бостон шаарындагы жардырууга тиешеси бар” деп айыпталып 23 жаштагы кыргызстандык Хайрулложон Матанов колго түшүрүлгөнү боюнча маалыматтар тараган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-12

22:48
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
KIPCHAK-KALMAK

05.01.2015. 16:41
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ммм
sher90kgz

06.01.2015. 02:23
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ана сага
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.