super.kg logo

Хакерлердин чабуулуна кабылган муфтияттын сайты кайрадан иштей баштады

 
Кыргызстандын муфтиятынын расмий сайты хакерлердин кол салуусуна дуушар болгон соң оңдолуп, кайрадан иштей баштады. Бул тууралуу бүгүн, 5-январда Дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. 
Маалыматка ылайык, азыркы учурда чабуул жасаган хакерлердин кайсы IP дарек аркылуу киргендиги аныкталууда. Эске салсак, муфтияттын сайты 3-январь күнү хакердик чабуулга кабылган. Аталган сайттан жай музыка чыгып, тапанча кармаган айымдын элеси түшүрүлгөн сүрөт көрүнүп, анда “Сирияга эркиндик”, “Палестинага эркиндик”, "Колдон келбей турган нерсе жок", "Алжирден келген чабуул" деген сөздөр жазылган болчу. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: