Шашылыш билдирүү! Өлкөнүн тоолуу аймактарындагы унаа жолдоруна кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Өлкө аймагындагы жааган карга байланыштуу тоолуу аймактардагы унаа жолдоруна кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу "Кыргызгидрометтин" басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Маалыматка караганда, 2015-жылдын 6-январынан 7-январына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош (121-137, 198-265-чакырымдары), Бишкек - Талас (198-210-чакырымдары, Өтмөк ашуусу) унаа жолдоруна кар көчкү түшүшү ыктымал.
Ошондой эле Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу (45-90, 145-150-чакырымдары), Ала-Бука - Каныш-Кыя (62-100-чакырым), Каракол - Эңилчек (45-90-чакырым), Казарман - Ак-Тал-Чат (67-94-чакырым, Кара-Көө ашуусу) унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр кыймыл чектелиши зарыл.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:48
2025-07-11

15:52
2025-07-11
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.