Кыргыз-тажик чек арасы боюнча Москвада сакталып турган архивдик материалдар алынып келинди
Кыргыз-тажик чек арасы боюнча Москвада сакталып турган архивдик материалдар алынып келинди. Муну өкмөттүн чек арадагы делимитация маселеси боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров бүгүн, 8-январда SUPER.KG порталына билдирди. Анын билдиришинче, бул материалдар кыргыз-тажик чегин тактоого көмөк берет.
Автор: Жамалидин Парманкулов
"Материалдар өкмөттүн демилгеси менен алынып келип, учурда Мамлекеттик каттоо кызматынын архивине киргизилип, сакталып турат. Ал эми январь айынын соңунда эки тарап тактоо иштери тууралуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт",- деди Искандаров.
Айта кетсек, эки тарап тактоо боюнча бир топ убакыттан бери бир пикирге келе албай жатат. Тажикстан 1924-1926-жылдары бекитилген карталарга жана документке таянууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:10
2025-07-24
18:31
2025-07-24

8:11
2025-07-24

Рейтинг:
0

